Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир нече көчө жабылат

Мэрия айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранат

Жылытуу системасын оңдоого байланыштуу борбордун кээ бир көчөлөрүндө автоунаа кыймылы тосулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул көчөсүнүн Турусбековдон Үмөталиевге чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагы реконструкцияланат, оңдоо иштери 15 -сентябрга чейин созулаары айтылды.

Подрядчы "ГлавТехИнвест" ЖЧКсы 20 -августка чейин Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылытуу камерасын реконструкциялоо боюнча иштерди аткарары көрсөтүлгөн.

Бардык иштер керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган жана капиталдык курулуш башкармалыгынын чыгарылган буйруктарына ылайык жүргүзүлөт.

Муниципалитет айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх