Кыргызстанда коронавирустун жана пневмониянын дагы 471 жаңы учуру аныкталды
Алты киши каза болду
Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен ооруган 471 жаңы бейтап аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 212;
Ош - 7;
Чүй облусу - 110;
Ош облусу - 5;
Талас облусу - 14;
Нарын облусу - 4;
Ысык -Көл облусу - 38;
Жалал -Абад облусу - 60;
Баткен облусу - 21.
Илдет Кыргызстанда катталгандан бери - 169 971 бейтап аныкталды.
Алты адам каза болду: төртөө Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда.
Ооруканаларда 2609, амбулатордук дарыланууда 4481 бейтап бар.
Ошол эле учурда, 995 адам ооруканадан чыгарылды.
Сүрөт Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз