Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар түштүк региондорунун активисттери менен бирге шайлоо укуктарын коргоону үйрөнүшөт

Жаштардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн Electoral Rights Fest жумалыгынын алкагында, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Шайлоо Системалары Фонду (IFES), АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) жардамы менен үч күндүк жаш жаран аттуу инклюзивдүү мектеп Ош шаарында ишке киргизилди.

Катышуучулар лидерлик сапаттарды көрсөтүүнү, коомдук активдүүлүктү, өз укуктарын, анын ичинде добуш берүү жана шайлануу укуктарын коргоону үйрөнүп жаткан 18 жаштан 28 жашка чейинки жаш жарандар болушту.

Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн эксперттери жана тренерлери менен бирге жаш активисттер коомдун алдында турган ар кандай курч социалдык, саясий, гендердик, экономикалык көйгөйлөрдү талкуулашат, демократиялык мааниси бар долбоорлорду жазууну жана ишке ашырууну үйрөнүшөт.

Уюштуруучулардын айтымында, мектеп Кыргызстан жаштарынын интеллектуалдык потенциалын бириктирүүгө багытталган.

«Бул тренингдин алкагында биз шайлоо, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктары сыяктуу маселелерди карап жатабыз. Бул платформанын негизги максаты - жаштарды шайлоо процессине активдештирүү, алардын укуктары жөнүндө билимин жогорулатуу. Биздин мектеп кызыктуу социалдык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу жаш жарандар үчүн андан ары өнүгүү перспективаларын ачат деп үмүттөнөбүз », - дешти алар.

Мектептин катышуучуларына мамлекеттик башкаруу системасы жана башкаруу институттары тууралуу айтылды. Талкуулардын жүрүшүндө укуктар менен эркиндиктерди ишке ашыруу механизмдери деталдуу түрдө талкууланды, атап айтканда шайлоо жана шайлануу укугу, референдумга катышуу укугу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө укугу, анын аткарылышы жана Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктары кандай камсыздалат.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх