Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Жириновский Бишкекте балдар борборунун орус тилдүү кызматкерине кол көтөрүү тууралуу кабарга жооп кайтарды

Либерал -демократиялык партиясынын лидери Россиянын элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен экономикалык мамилени токтотууну сунуштады

ЛДПР лидери Владимир Жириновский балдар борборунун орус тилдүү кызматкерине кол көтөрүү тууралуу кабарга жооп кылды. Бул тууралуу орусиялык MK.RU басылмасы жазып чыкты.

Бул окуяга Жириновскийдин ачуусу келип, орус элчисин чакыртып алууну, ошондой эле республика менен экономикалык мамилени токтотууну сунуштаганы белгиленет.

Саясатчынын айтымында, постсоветтик мейкиндиктин баарында орустарды кордоп келишет. Ал Орусия буга мындан ары чыдабашы керек деп эсептейт.

«Ар бир акмак постсоветтик мейкиндиктеги орустарды шылдыңдайт, өлтүрөт! Украинадан Орто Азияга чейин. Буга качанга чейин чыдайбыз?! " - деп жазган Жириновский Telegram каналында.

Россиянын Либерал -демократиялык партиясынын лидери Кыргызстандын элчилигинде бир катар пикеттерди уюштурууга убада берди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх