Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бишккасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын үч көчөсүн оңдоду

Учурда көчөлөрдүн 13 тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат

"Бишккасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын үч көчөсүн оңдоону аяктады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Леваневский көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки узундугу 780 погон метр болгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Шаар тургундары көчөдө коопсуз жүрүүсү үчүн 51 жол белгисин орнотуп, узундугу 1400 погондук метрге жол чиймелерин жасалды.

Ошондой эле, Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү айдоочулар үчүн ачык. Биз узундугу 700 погон метр жерди оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк, реконструкциядан кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзөт. Жол коопсуздугу үчүн 26 жол белгиси орнотулуп, узундугу 1450 погон метр жол чиймелерин чийилди.

Оңдоп-түзөөдөн кийин көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди түзүп, тротуар, унаа токтотуучу жай, сугат системасы, дренаждык торлор, жолдун жана тротуардын бордюрлары эки тараптан коюлду.

Васильев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки жол куруу иштери аяктады.

Көчөнүн ондолгон бөлүгүнүн узундугу 630 погон метр, унаа жолунун туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун жайгашуусун эске алуу менен тротуарды жана сугат системасын  бир жактан гана жабдууга мүмкүн болду. Ошондой эле жол белгилери жана жол чиймелери каралган.

Азыр көчөлөрдүн 13 тилкесинде капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх