Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 118 миңден ашуун адам COVID-19дан эмделди

Эмдөө үчүн Бишкекте 71 убактылуу эмдөө пункттары жайгаштырылды

Борбордо 10-августка карата 118 640 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен биринчи дозасын 71 миң 600 адам, экинчи дозасын 47040 адам алды.

Бишкекте эмдөө үчүн 71 убактылуу эмдөө пункттары жайгаштырылган:

- 19 ҮМБ жана 7 филиал;

- студенттер үчүн шаардык поликлиника;

- спорт жана реабилитациялык борбор;

- ТЖОнын бейтапканасы;

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемеси;

- 3 билим берүү мекемеси;

-  жаңы конуштарда жайгашкан 19 медициналык амбулаторияда;

- 8 соода борборунда.

Атайын мекемелер үчүн карылар үйлөрүндө, интернаттарда, диспансерлерде жана социалдык мекемелерде жарандарды коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча өзүнчө пландар иштелип чыккан, ден соолук абалына жараша эмдөө улантылууда.                                                   
Урматтуу ата -энелер, мугалимдер жана медицина кызматкерлери! Сизден жарандык жоопкерчилигиңизди көрсөтүүнү жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүнү суранабыз. Жаңы окуу жылынын башталышына бир айга жетпеген убакыт калды жана окуу кандай форматта өтөрү биздин колубузда. Анткени, балдарыбыздын коопсуздугу жана ден соолугу баарынан жогору.

Урматтуу тейлөө тармагынын кызматкерлери! Сиздер, эң биринчилерден болуп, күн сайын коронавирусту жуктуруу коркунучу бар көптөгөн адамдар менен кездешесиздер. Биз сиздердин жоопкерчиликтүү болууңуздарга үмүттөнөбүз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх