Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мериясы менчик мектептин ээсине бак-дарактарга зыян келтиргендиги үчүн айып пул салды

Айып пулдун суммасы 3 миң сомду түздү

Бишкек мэриясынын алдындагы санитардык -экологиялык инспекциянын адистери бактарды кыйганы үчүн менчик мектепке айып пул салышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ бизге "American School" мектеби жол боюнда өскөн дарактарга зыян келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.  Инспекторлор иштин чоо жайын билүү үчүн аталган жерге барып, эреже бузуу фактысы тастыктады. 

Жеринде  мектептин ээси Э. Д. Усубакуновага карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120 -беренесине ылайык протокол түзүлүп,  ага 3 миң сомго айып салынды.

Ал эми "Электросила" компаниясы, "Сити" кафеси жана шаар тургуну Нухарова Р.Г.  таштандыларды туура эмес жерге ыргытып, тазалыкты сактабагандыгы үчүн  70-берене боюнча жеке жактарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом эсебинде айып тартышат.

Тазалыкты сактабандардын катарын "Чайна Роуд" компаниясы да толуктады. Алар көчөгө өндүрүш калдыктарын ыргытканы үчүн 71-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом айыпка жазаланышты.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх