Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орус тилинде тейлеген кызматкерге кол көтөргөн адамга Россияга кирүүгө 10 жылга тыюу салынды

Мындай чечимди Орусиянын Ички иштер министрлиги кабыл алды

Балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине орус тилинде тейлегени үчүн кол көтөргө кыргызстандык жаранга Россия өз аймагына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС РФ Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Белгилүү болгондой, Россиянын укук коргоо кызматкерлери өз алдынча текшерүү жүргүзүшкөн, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жараны 1992 -жылы туулган Али Алимбаевке федералдык мыйзамдын 27.1.1 беренесине ылайык Россия Федерациясынын аймагына кирүүсүнө 10 жылдык мөөнөткө тыюу салуу чечимин кабыл алышкан. 

Эске салсак, ушул жылдын август айынын башында мас абалындагы киши балдар оюн -зоок борборунун кызматкерине орус тилинде кызмат кылганы үчүн кол салган. Ал аны калькулятор менен уруп, кыргыз тилинде тейлеши керектигин айтып урушкан.

Кийинчерээк УКМК бейбашка каршы расмий эскертүү берген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх