Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Манас" аэропортунда убактылуу эмдөө пункту орнотулду

Пункт 08.00дөн 16.30га чейин иштейт

"Манас" эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Пункттун иштөө убактысы 08.00дөн 16.30га чейин.

Белгилей кетсек, "Берекет Универсал" соода борборунда жайгашкан эмдөө пункту Жаш Гвардия бульвары №4 дареги боюнча Ленин районунун Калкты тейлөө борборлоруна көчүрүлгөн.

Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек. Себеби COVID-19га каршы эмделген маалымат КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктр министрлигинин электрондук саламаттыкты сактоо борборунун базасына киргизилет.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх