Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санитардык -экологиялык инспекциясы үй алдында тазалыкты сактоо тартибин бузган жарандарды айыпка тарта баштайт

Жеке адамдар үчүн айып пул 3 миң сомду түзөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык -экологиялык инспекциясы бардык үй жана кварталдык комитеттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн,11 -августта Биринчи май районунун тургундары менен үй алдында тазалыкты сактоо жана тартипти бузган  учурда көрүлчү чаралар жөнүндө түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.  Жакын арада калган үч аймак дагы камтылат.

Эскерте кетсек, мыйзам бузуулар аныкталса, инспекторлор Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 66 -беренесине ылайык жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айып салынат.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
- 0551551745 – Свердлов району;
- 0505523832 – Октябрь району;
- 0555404818 – Биринчи май району;
- 0554222213 – Ленин району.

«Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Үйлөрдүн жана кеңселердин тегерегинде тазалыкты сактаңыздар, таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыздар  жана өрттөбөңүздөр, анткени борборду жакшыртуу эрежелерине ылайык, БААРЫБЫЗ (!) айланабызды  таза кармоого милдеттүүбүз",- деп айтылат муниципалитеттин кайрылуусунда. 

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх