Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаштар шайлоого катышуунун жана жарандык активдүүлүктүн маанилүүлүгүн талкуулашты

Жолугушууда мектеп окуучулары жана студенттер  өздөрүнүн активдүүлүк практикалары тууралуу айтып беришти

Жаштардын чечим кабыл алууга катышуусун кантип активдештирүү керек деген темада  Бишкекте Эл аралык жаштар күнүнө карата уюштурулган Electoral Rights Fest талкуу аянтчасында баарлашты.

18 жаштан 28 жашка чейинки жаш активисттер үчүн дискуссия Эл аралык шайлоо системасынын Фондунун (IFES) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен уюштурулду.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Айсулуу Мамашова, юридика илимдеринин доктору, Борбордук Азия эл аралык университетинин профессору Андрей Тен жана Аида Сүйүндүева жарандык активдүүлүктүн өз тажрыйбасы, адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгү, шайлоо мыйзамдары жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу тууралуу айтып беришти. 

Аида Сүйүндуева шайлоо процессине жаштардын катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Добуш бербеген шайлоочулардын абдан чоң бөлүгүн 18ден 25 жашка чейинки жаштар түзөт. Аларга шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн жеткирүү керек. Ар бирибиз бул өлкөнүн жараны катары саясий партиялардын, болочок депутат катары койгон талапкерлердин программаларын изилдеп чыгышыбыз керек. Анан шайланган саясатчылардын ишине байкоо жүргузүп туурубуз зарыл. Жаштар - эртеңки күндүн чечимин кабыл ала турган адамдар. Бүгүн, балким, алар саясаттан көңүлү калгандыр, алардын пикири маанилүү эмес деп ойлогондур. Бирок, чынында, ар бир адамдын добушу мааниге ээ, эки же үч добуш бүтүндөй шайлоо жыйынтыгын өзгөртө алат. Жаштар муну түшүнүп, парламенттик шайлоого активдүү катышуусу маанилүү », - деди ал.

Жолугушууда мектеп окуучулары жана студенттер өздорүнүн активдүүлүк практикалары тууралуу дагы айтып беришти. Мисалы, КРСУнун архитектура жана курулуш факультетинин бүтүрүүчүсү Азамат Кучканбаев инсандык өсүү, коомдук иштер жана ыктыярчылык тажрыйбасы менен бөлүштү.

«2020-жылы мен Төрт-Күл айылында ЖРТга жогорку класстын окуучуларын даярдадым, ЖОЖдорго өтүүгө жардам кылып, консультация бердим. Пандемиянын башталышы менен мүнкүнчүлүгү чектелген үй -бүлөлөргө тамак -аш сатып алууга жардам берип жүрдүм. "Кара июлда"  бейтаптарды ооруканаларга алып барып, андан кийин кызыл зонада ыктыярчы болуп, медайымдарга жардам берип жүрдүм. Бүгүн мен кесибим боюнча иштейм, студенттерге дизайн үйрөтүлө турган борбор ачкым келет ”, - деп баса белгиледи ал.

Марсель Усонов ишке ашырылган Street Book долбоору тууралуу айтып берди, анын максаты шаардыктардын арасында китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу болгон. Активисттер аянтча түзүштү, анда бишкектиктер өзүнө жаккан китептерди сатып алышты. Иш -чарага ата мекендик жазуучулар жана сүрөтчүлөр катышты, шаардыктар китеп сатып алуу менен чектелбестен, ырларды окуп, шахмат ойноп, окулган чыгармаларды талкуулай алышты.

«Акыркы убакта жаштар коомдо болуп жаткан процесстерге абдан активдүү кызыгып жатышат. Бул дискуссиялык аянчанын негизги максаты - активдүүлүк бул оор иш эмес, биз күнүмдүк жашоодо кыла ала турган нерсе экенин түшунүү . Мындан улам булардан дагы жакшы, балким, улуу иштер дагы  жаралат », - деп кошумчалады профессор Андрей Тен.

Катышуучулар мамлекеттин жана коомдун демократиялык өнүгүү принциптерин, жаштардын демилгелерин илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү талкуулашты, алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий коррупцияны жана добуштарды сатып алууну кантип чектөө боюнча сунуштарын айтышты.

«Биз мамлекеттик кызматкерлердин адам укуктарын коргоо жаатындагы тажрыйбасын, жарандарыбыздын шайлоо укуктарынын бузулушуна каршы турууну, шайлоо процессиндеги жаштардын ролун талкууладык. Жарандык активдүүлүк абдан маанилүү, анткени биз келечегибизди тандап жатабыз. Мен өзүм шайлоодо байкоочумун, менин оюмча, жаштар шайлоого жана өлкөнүн жашоосундагы башка процесстерге активдүү катышуусу керек »,-деп Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 4-курсунун студенти Адина Рашидова талкууну жыйынтыктады.

Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх