Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын үч шаарында шайлоо маселелери боюнча жаштардын интеллектуалдык оюну өттү

Кызыктуу оюндун суроолору аркылуу катышуучулар ар кайсы өлкөлөрдөгү шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышты

Жаштардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган Electoral Rights Fest жумалыгында 150 активист Бишкек, Ош жана Караколдогу Quiz Night интеллектуалдык оюнуна катышты.

Бул оюн «Что? Где? Когда?» оюнунун принцибине ылайык уюштурулган, анда командалар эки мүнөттүн ичинде жооп бериши керек болгон бир нече суроолор камтылган. Жеңүүчү команда туура жооптордун саны боюнча аныкталды.

«Мен бул оюнга биринчи жолу катышып жаткан жокмун; ал шайлоо, шайлоо процесси жана шайлоонун эл аралык практикасы жөнүндө билим берет. Мындай оюндар жаш муун үчүн абдан маанилүү, оюн бизди четте калбай, бул чөйрөгө көбүрөөк тартылууга мүмкүндүк берет. Даярдануу учурунда биз уюштуруучулар берген темаларды кылдаттык менен карап чыктык ”, - дейт абитуриент Маманалы Думанаев.

Оюн Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун (IFES) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен жаштарга шайлоо мыйзамдары жаатында билим берип,  шайлоо, адам укуктары, шайлоо процессиндеги жаштардын ролу тууралуу суроолорго жооп табуу процессинде жаштарды тартуу максатында уюштурулган.

«Азыр Кыргызстанда бир нерсеге таасир бере ала турган, өз пикирин ачык айта алган жаштардын катмары калыптанууда. Оюндун маңызы - өз билим денгээлин көрсөтүү, жана аны башкаларга өткөрүп берүү. Мындан улам, мүмкүн болушунча көп адамдар шайлоо тууралуу маалымат ала алышат »,-деп өз пикири менен бөлүштү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 3-курсунун студенти Анастасия Дудай.

Кызыктуу оюндун суроолору аркылуу катышуучулар ар кайсы өлкөлөрдөгү шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары менен таанышып, жарандык активдүүлүк, чечим кабыл алуу процессинде жаштардын ролу жана алардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ойлонууга шарт түздү. Оюндун маанилүү аспектиси гендердик теңчилик жөнүндө суроолор болду.

IFES жана USAID Борбор Азиядагы жаштар менен 20 жылга жакын убакыттан бери жарандык коомду чыңдоо, келечектеги лидерлердин укуктарын кеңейтүү жана демократиялык катышууну жакшыртуу үчүн иштеп келишет.

«Мен IFES менен көптөн бери кызматташып келем, алар уюштурган ар кандай тренингдерге катышып жүрөм. Жаштар үчүн шайлоо процесстерине катышууга кызыкдар болуу, коррупцияга каршы системаны түшүнүү маанилүү . Жаштар шайлоого кайдыгер карабашы абдан маанилүү », - деди катышуучулардын бири, жарандык активист Элина Сагынбаева.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх