Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Мадина базарынын жанындагы унаа токтотуучу жайдын кызматкеримин деп алдап жүргөндөрдү кармады

Кылмышкерлерге административдик чаралар көрүлөт

"Бишкек токтомолору жана унаа туруктары" Муниципалдык ишканасынын адистери унаа токтотуучу жайдын кызматкеримин деп  өздөрүн көрсөтүп келген шылуундарды аныкташты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ Менделеев менен 7 -Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде (Мадина базары) рейд жүргүзүлгөн, анда жарандар мыйзамсыз акча чогултууга дуушар болуп келишкен.

Адистер айдоочулардан унаа токтотуучу жай үчүн мыйзамсыз акча алган адамдарды табышты.

Алардын аракеттеринин мыйзамсыздыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, бирок мыйзамсыз иштеп жүргөн шылуундар кетүүдөн кескин баш тартышты. Адистер милициянын Патрулдук кызматынын инспекторлорун чакырууга аргасыз болушкан.

Унаа токтотуучу жайдын кызматкерлери Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди жана аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

"Эгерде унаа токтотуучу жайдын кызматкерлери атайын жилеттер менен жабдылбаган болсо жана төлөм талону берилбесе, социалдык түйүндөр аркылуу видео жана фото далилдер менен "Бишкек токтомолору жана унаа туруктарына" кайрылууну суранабыз", - деп муниципалитет баса белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх