Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Панфилов көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

Кулатов көчөсүнүн Каракулская көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

Кулатов көчөсү реконструкциялангандыгына байланыштуу Панфилов көчөсү убактылуу эки тараптуу болот.Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу  Логвиненко көчөсү Лев Толстойдон Кулатовго чейин толугу менен жабылып, Панфилов көчөсү боюнча Лев Толстойдон Кулатовго чейин эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

Белгиленгендей, жолду оңдоо КЭРдин гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт  жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларын  суранат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх