Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин эки көчө ачылды

Борбор калаанын 11 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин эки көчө ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочулар үчүн Валдайский көчөсүнүн Курчатовдон Садырбаевге чейинки бөлүгү жана №4 кичи районунун Сүйөркуловдон Безымяннаяга чейинки №31, 32, 34 турак үйлөрүнүн ортосундагы көчөлөрү ачылды.

Валдайский көчөсүндө эки катмарлуу асфальт төшөлдү, бир жагына тротуар жабдылды, экинчисинде - сугат тармагы жана жол чиймелерин жасалды.

№4 кичи районундагы короо ичиндеги жол асфальтталды. Жолдун туурасы 4,5 метр болгон.

Белгиленгендей, 27 көчө 2021 -жылга жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын титулдук тизмесине киргизилген, көчөлөрдүн жети тилкесинде жумуштар аяктаган, ал эми 11 жол тилкесинде иштер уланууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх