Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги мектептерди жана бала бакчаларды жаңы окуу жылына даярдоодо

Жылытуу системасы оңдолуп жатат

Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев мектептердин жана бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, №39 мектеп-гимназиясынын чатырын жана даараткананы алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле №14 орто мектепте жылытуу системасын жарым-жартылай алмаштырылып жатат.

Оңдоо иштери жакын арада бүтөрү кабарланды.

№109 мектепке чейинки билим берүү уюмунда жылытуу системасын оңдоо иштери жана чоюн батареяларын орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгы боюнча  Октябрь райондук билим берүү борборуна райондук социалдык объектилер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине ылайык (мектептер жана бала бакчалар) жүргүзүлүп жаткан иштерди контролго алуу тапшырмасы берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх