Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов: Токиодогу Паралимпиадалык оюндарда ата мекендик спортчулардын жеңишине бүт өлкө ишенет

Пара-жеңил атлетика боюнча Арыстанбек Базаркулов жана пара-дзюдо боюнча Хайитхон Хусан кызы алдыдагы Паралимпиадалык оюндарга катышат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды. Ал спортчуларга ийгиликтүү катышууну жана жаңы жеңиштерди каалады. 

«Спорт адамдарды бириктирет, эркти чындайт жана бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Спорттук жыйынтыктарыңыздар менен сиздер кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе алаарыңыздарды далилдедиңиздер, жеке үлгүңүздөр менен, сиздер эрктин жана коюлган максатка умтулуу эмне экенин көрсөттүңүздөр. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт. Ийгиликтүү катышыңыздар», - деди Улукбек Марипов  жана Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго Кыргыз Республикасынын желегин тапшырды. 

Эске салсак, 2021-жылдын 24-августунан тартып 5 -сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт. 

Ата мекендик спортчулардын арасында алдыдагы мелдештерге лицензияларды эки адам утуп алды: пара-жеңил атлетика боюнча (ок атуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх