Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Каркыра көчөсүнүн оңдолушу менен таанышты

Жолду  сентябрдын аягына чейин ачуу пландалууда

18-августта борбордун мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев "Ак-Ордо" конушундагы мектептин жана бала бакчанын имараттарынын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, андан  кийин Каркыра көчөсүн да текшерди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда мэр жолдорду реконструкциялоодо шаардыктар менен тыгыз иштешүү зарылдыгын белгиледи. Шаардык кызматтар үчүн приоритет так биздин жашоочулардын муктаждыктары болууга тийиш. Ошондой эле, ал аткарылып жаткан иштердин сапатын жана объекттерди бүткөрүү  мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлдөөнү айтты.

Маалым болгондой, Каркыра көчөсүн оңдоо Өмүракуновдон Өмүргө чейинки тилкеде, узундугу 1700 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагында тротуарлар болот. Жолду  сентябрдын аягына чейин ачуу пландалууда.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты менен ишке ашырылган "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" (2 -фаза) долбооруна ылайык, жалпы узундугу 70,78 км болгон 60 шаардын көчөлөрүн реконструкциялоо жана 5 көпүрө куруу  каралууда. Подрядчы - "China Road and Bridge Corporation".

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх