Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Дыйкан көчөсү оңдоо үчүн жабылууда

Оңдоло турчу участоктун узундугу 550 погондук метрди түзөт

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынан билдиришкендей,19-августтан тарта «Керемет» жаңы конушунда Дыйкан көчөсүнүн Месароштон Нарвскаяга чейинки бөлүгү оңдолот.

Оңдоло турчу участоктун узундугу 550 погондук метр, унаа жолунун туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун бир тарабына тротуар курулат, экинчи жагына сугат системасы орнотулат. Ошондой эле жолдун жана тротуардын бордюрларын, сугат арыктарын жана дренаж торлорун орнотушат.

Азыр ишкана көчөлөрдүн 13 участогунда капиталдык оңдоо иштерин улантууда, жети көчө автоунаалардын өтүүсү үчүн ачылды.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх