Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр – Кыргызстандын тоо-кен онөр жайы үчүн кесипчилерди даярдоо жайы (фото)

Жалпысынан 150дөн ашык жаш адис катаал конкурстук тандоодон өтүп, бийик тоолуу кен ишканасында биринчи жумуш вахтасын иштеп келишти

“Кумтөр Голд Компанинин” (КГК) убактылуу тышкы башкаруучусунун тапшырмасы боюнча атайын жаш адистерди даярдоо программасы ишке киргизилди.

Быйыл Кумтөрдүн тарыхында биринчи жолу жайкы практикага жана стажировкага рекорддук санда студенттер жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү алынышкан.

Жалпысынан 150дөн ашык жаш адис катаал конкурстук тандоодон өтүп, бийик тоолуу кен ишканасында биринчи жумуш вахтасын иштеп келишти. Жайкы практиканын узактыгы – үч ай, бүтүрүүчүлөр үчүн стажировканын узактыгы – эки жыл. Кумтөрдө студенттердин жана стажерлордун эмгеги үчүн акы төлөнөт. Кен жайда устаттар жаш адистер менен иштешип, жана өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Алтын ылгоо фабрикасынын менеджери Нурдин Усенов, мурун студенттер бир гана металлургиялык лабораторияга эле алынса, азыр жаштар фабриканын бардык өндүрүштүк цехтеринде үйрөнүп жатышканын белгиледи.

“Лекция жана семинарлар иштеп жаткан өндүрүштө алган билимдердин ордун толтура албайт экен. Бул жерде биз алтынды ылгоо процесстерин модернизациялоо боюнча изилдөө жүргүзүп жатабыз”, – дейт алтын ылгоо фабрикасында практика өтүп жаткан химия факультетинин үчүнчү курсунун студенти Алия Шаршеналиева.

“Кумтөр Голд Компанинин” убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк айткандай: “Бүгүн кесибинде биринчи кадам жасап жаткан биздин стажерлор, келечектеги жогорку деңгээлдеги адистер резервин түзүшөт, “Кумтөр” кени эле эмес, өлкөбүздүн жаңы кендери жана тоо-кен компаниялары үчүн.” Жаштар менен иштөөнүн дагы бир маанилүү максаты – бул жумушчу адистиктердин авторитетин жогорулатуу”.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх