Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия Токиодогу Паралимпиадага лицензия алган спортчуга 100 миң сом тапшырды

Хусан кызы Хайитхон бүгүн Токиого сапар алат

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев пара-дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону Хусан кызы Хайитхон жана анын машыктыруучусу Канатбек Имияновду сыйлады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Жанышбекович спортчуну жана анын машыктыруучусун жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалоо менен, Токиодогу Паралимпиадага катышуу алдында кеп-кеңештерин айтты, деп айтылат муниципалитеттин билдирүүсүндө.

Белгиленгендей, Хусан кызы Хайитхон ал жакка бүгүн, 19-августта учат.

Эске салсак, ал мындай масштабдагы спорттук мелдешке биринчи жолу лицензия утуп алган.

Жетишкендиктери үчүн спортчуга 100 миң сом, ал эми машыктыруучусуна 50 миң сом сертификаты тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх