Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШнын Pfizer вакцинасы Кыргызстанга күзүндө келет

Буга чейин Кыргыз Республикасы вакцинаны ташуу жана сактоо шарттары жоктугуна байланыштуу андан баш тарткан

Күзүндө Кыргызстанга АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта борбордук мэриянын брифингинде белгилүү болду.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан вакцинаны ташуу жана сактоо үчүн шарттардын жоктугуна байланыштуу андан баш тартууга аргасыз болгон.

Кыргызстанда жалпысынан 571 656 адам эмделгени, анын 234 891и эки жолу эмделгени расмий түрдө маалымдалды.

Бишкекте төмөнкү вакциналар менен эмдөөдөн өтүштү:

- Sinopharm - 78 163, экинчи доза - 57 048;

- "Sputnik V" - 30 986, экинчиси доза - 27 805;

- AstraZeneca - 961, экинчи доза - 19.

Муниципалитет ошондой эле жакында алынган казакстандык QazVac вакцинасы сыноодон өтүп жатканын белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх