Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто 900 орундуу чоң тигүү фабрикасы курулуп жатат

Новиков Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге артыкчылыктуу багыттар боюнча насыя берүүнү улантарын убада кылды

Ошто 900дөн ашык жумуш орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков фейсбукта билдирди.

"Биз өндүрүш көлөмүн кеңейтүүнү жана көбөйтүүнү пландап жаткан Ош жана Баткен облустарындагы бир катар өндүрүш ишканаларында болдук. Мен жана менин кесиптештерим 10дон ашык ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгууга жетиштик, алардын ар бири региондун экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот," - деди Артем Новиков. Ош шаарында 900дөн ашык жумушчу орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпы аянты 8 гектар болгон күнөскана чарбасынын ээлери комплексти эки эсе кеңейтүүгө каржылоо алуу үчүн фонддун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип жатышат. Ош облусундагы компаниялардын бири дагы насыя алуу үчүн кайрылып жатат, анын долбоору Россиядан келген абердин ангус бодо малынын асыл тукумун өстүрүүгө багытталган.

Новиков региондордогу долбоорлорду ишке ашыруу динамикасы жакшы экенин белгиледи.

"Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду артыкчылыктуу багыттар боюнча кредиттик линияларды берүү үчүн ишкерлер менен иштөөнү улантат", - деп убада берди ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх