Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көңүл Бургула! Издөө Салабыз! Немат уулу Дүйшө Бишкекке иштегени кеткени боюнча дайынсыз (фото)

Аны борбор калаада акыркы жолу 12-майда көрүшкөн

1992-жылы туулган Немат уулу Дүйшө аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Немат уулу Дүйшө Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чаңгет-Сай айылынын тургуну",-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Ал 2021-жылдын 20-апрелинде саат 15.00 чамасында "Бишкекке барып иштейм",- деп кеткени боюнча дайынсыз болууда. Аны 12-майда борбор калаада  көргөндөр болгон.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, ак жуумал, кашы-көзү кара, чачы кара түстө, орто дене түзүлүштө, сол кашынын астында тырыгы бар.

Ал спорттук куртка, көк түстөгү жынсы шым жана бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Кимде ким маалыматка ээ болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыз: 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх