Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкерлери 187 тоннадан ашуун кара куурайды жок кылышты

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 93 кылмыштын бети ачылса, 21 баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталып бети ачылган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 244кг 857гр баңгизаттар жана прекурсорлор алынган

2021-жылдын июль жана август айларында «Кара куурай» аталыштагы операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында, 3213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3023 гектар жер изилденди, анын ичинен 250,7 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды, анын жалпы салмагы 187 тонна 675 кг түздү.

Аталган операцияны өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 93 кылмыштын бети ачылса, 21 баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталып бети ачылган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 244кг 857гр баңгизаттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинен: гашиш-10кг 109гр, психотропттук заттар -7гр, марихуана -231кг 623гр., кара куурай -2кг 171гр. туз кислотасы- 596 гр., күкүрт кислотасы-351 гр.
Ошондой эле, бул операциянын алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 10 бирдик ок атуучу курал жана 62 даана ок-дары алынды.

Республика аймагында 187 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

Республика аймагында 187 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх