Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда 21 жаштагы жигит 85 жаштагы улгайган аялды сүзүп изин жашырып кеткен

Ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган

Балыкчыда айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кеткен. Ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

21-августта саат 04.36 чамасында Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 75-80 жаштардагы улгайган аялдын сөөгү көчөлөрдүн биринде жолдун четинен табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. 

Белгиленгендей, бул билдирүүгө ылайык, окуя болгон жерге Балыкчы ШИИБнин тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен. Окуя болгон жерде текшерүү учурунда бампердин сыныктары табылган, сериялык номери болжолдуу түрдө Toyota унаасы.

Мындан тышкары, маркумдун аты-жөнү аныкталган. Ал 85 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну болуп чыкты.

Бул факт Балыкчы шаарынын ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин 297-беренесине( жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплутациялоонун эрежелерин бузуу) ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, ИИМдин Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери ошол эле күнү улгайган аялды сүзүп кеткен айдоочуну аныкташты. Ал 21 жаштагы жергиликтүү тургун К.А. болуп чыкты, алдын ала сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган.

«Тойота-Витц» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх