Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Арча-Бешик" конушунда канализация курулууда

Канализация тармагынын узундугу 470 үй үчүн болжол менен 4,8 километрди түзөт

Бишкекте "Арча-Бешик"  конушунда канализациялык тармактары курулууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Канализация тармагынын узундугу 470 үй үчүн болжол менен 4,8 километрди түзөт. Абдрахманов чолок көчөсүндө  Садыбакасов көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин иштер жүрүп жатат.

Канализация системасын салууда стандарттарга жооп берген D-150 мм жана D-300 мм диаметри бар асбест-цемент тартылуу түтүктөрү колдонулат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  бөдрөтчү - «Дрим Строй» курулуш компаниясын аныктады.

Ишти ушул күздө бүтүрүү пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх