Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиевдин табышмактуу видеосу качан жана эмне үчүн тартылганы белгилүү болду

Өткүрбек Рахманов бул видеону кара пиар катары колдонуу орунсуз экенин белгиледи

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин табышмактуу видеосу былтыркы шайлоо учурунда тартылган. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы группасынын модератору Өткүрбек Рахманов билдирди.

"Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып, жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрдү жазып, таратып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма биринчиден, өткөн жылы парламенттик шайлоо-үгүт учурунда жасалган"-деп жазды ал.

Рахманов бул сөздөр Камчыбек Ташиевдин аны жалгыз калтырган досторуна арналганын белгилеп өттү.

"Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги - байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет. Чындык жеңип, Аллах Тааладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтүндөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт"-деп билдирди Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасында.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх