Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл ОИИБи дайынсыз жоголгон баланы табууга жардам бергени үчүн Балыкчылык тургунга сыйлык тапшырды

Табылган бала Садовое айылынын 13 жаштагы тургуну П.Б. 10-августтан бери Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүндө дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгон

Бүгүн Балыкчы ШИИБдин башчысы Улан Кыдыргычев дайынсыз жоголгон жашы жете элек баланы табууга көрсөткөн жардамы үчүн жергиликтүү тургун Келдибек Жумашевди сыйлады. Ага грамота тапшырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бул иш-чарага мэриянын, уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү жаштар тартылган. Шаар секторлорго бөлүнүп, анда милиция кызматкерлери жана коомчулук үймө-үй кыдырып, дайынсыз жоголгон адамдар боюнча атайын чыгарылган издөө багыттамаларды таратышкан.

Өз кезегинде «Заслон» күзөт агенттигинин кызматкери Келдибек Жумашев шаардык ички иштер бөлүмүнө чалып, ал иштеп жаткан  супермаркеттин жанында жашы жете элек бала жүргөндүгү тууралуу билдирген.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери баланы табышкан. Табылган бала Садовое айылынын 13 жаштагы тургуну П.Б. 10-августтан баштап ал Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүндө дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгонун аныкташкан. Аны коңшу райондон кесиптештерине өткөрүп беришкен.

Шаардык милициянын башчысы грамотаны тапшырып жатып, милиция кызматкерлери күн сайын дайынсыз жоголгондорду издөөгө баардык күч-аракетин жумшап жаткандарын, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кайдыгер эмес жарандардын биргелешкен аракети менен гана бул иштин эффективдүүлүгүн бир нече эсе жогорулатууга болорун белгиледи.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх