Кыргызстанда 24-августка карата 199 жаңы COVID-19 учуру катталды
Беш киши каза болду
Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын 199 жаңы учуру аныкталды. Мындай маалыматтар республикалык штабдан берилген.
Алардан:
Бишкек - 96;
Ош - 4;
Чүй облусу - 45;
Ош облусу - 1;
Талас облусу - 5;
Нарын облусу - 9;
Ысык-Көл облусу - 29;
Жалал-Абад облусу - 2;
Баткен облусу - 8.
Илдет башталгандан бери - 174 347 адам.
Инфекциянын кесепетинен 5 адам каза болду.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз