Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кырсыгынын кесепетинен тогуз адам каза болду

Окуя болгон жерге куткаруучулардын тобу тартылган

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (6 аял, 2 эркек жана 1 жаш бала) каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган.

Жерине КР ӨКМнин КДМБнын 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх