Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда Кыргызстан тууралуу көргөзмө өтүүдө (фото)

Сүрөт көргөзмөсү 28 -августка чейин уланат

23 -августта Анкарада Zafer соода борборунун Көркөм галереясында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги Анкара мэриясы менен бирге уюштурганы белгилүү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

- Иш -чарага элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Анкаранын вице -мэри Сержан Чыггын катышты. Мындай иш -чаралар эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын чыңдоого салым кошоору белгиленди.

Маалым болгондой, көргөзмөдө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун чагылдырган тарыхый кооз жерлерди, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт түрлөрүн чагылдырган сүрөттөр коюлган.

Сүрөт көргөзмөсү 28 -августка чейин уланат. Кирүү Анкаранын бардык тургундары жана коноктору үчүн акысыз.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх