Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү завод ачылат

Компания Бишкекте дагы заводдун курулушун каржылоого даяр

Кечээ, 24-августта "Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлган. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Документке кол койгондон кийин, "Biotrend Energy" компаниясы бир айдын ичинде завод куруу долбоорун берүүгө жана техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого милдеттендирилет, ошондой эле долбоорду каржылоону, анын ичинде даярдоо, долбоорлоо, куруу жана эксплуатацияга берүү этаптарын камтыйт.

Маалым болгондой, келишимге түштүк борборунун мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов менен түркиялык "Biotrend Energy" компаниясынын президенти Илхан Доган кол коюшту.

Эске салсак, бул компания Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун каржылоого даяр.

Бишкек шаарынын мэриясы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх