Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстандык көк бөрүчүлөр Бишкекке келди (фото)

Спортчулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна келишти

Кечээ, 24-августта "Манас" эл аралык аэропортуна Өзбекстандын "Улок-купкари" федерациясынын башкы катчысы Равшан Адхамов жетектеген Өзбекстандын командасы келди. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Команда 26-августтан 31-августка чейин Чолпон-Ата ипподромунда (Ысык-Көл облусу) өтүүчү көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн эл аралык турнирге катышууга келген, деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, спортчуларды КРнын көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана Ош облусунун көк бөрү федерациясынын башчысынын орун басары Абди Исаков тосуп алышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх