Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте биринчи жолу бактарды электрондук инвентаризациялоо башталды (фото)

Эмен паркында ыктыярчылардын жардамы менен алгачкы 100 эмен дарагы инвентаризацияланган

Шаардык муниципалитеттин жана "Арча" коомдук фондунун демилгеси менен Бишкекте биринчи жолу шаардагы жашыл аянттарды электрондук инвентаризациялоо программасы пайда болду.

Инвентаризациялоонун максаты - жашылдандыруу программаларын иштеп чыгууда, жашыл аймактарды калыбына келтирүүдө, абалына мониторинг жүргүзүүдө, зарыл болгон учурда профилактикалык чараларды көрүүдө бухгалтердик эсепти колдонуу боюнча ишкананын иш процесстерин автоматташтыруучу программалык инструменттердин комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Ыктыярчылардын жардамы менен эмен паркында биринчи жүз эмен дарагы инвентаризацияланган. Ыктыярчылар менен түшүндүрүү баарлашуусу Арча КФнын координатору жана ишкананын башкы агроному тарабынан жүргүзүлдү.

Эске сала кетсек, "Арча" КФнын өкүлдөрү буга чейин бул программа боюнча багбандарга тренинг өткөрүшкөн.

Эми шаардын жашыл тургундары кандайдыр бир "медициналык карталарга" ээ болушат, анда ар бир райондун бригадирлери менен агрономдору айрым дарактардын саны, геолокациясы, түрлөрү, сугаты жана абалы жөнүндө маалыматтарды киргизишет. Программанын аркасында жашыл чарба кызматкерлери алдын ала кам көрүүгө жана дарыланууга керектүү каражаттарды эсептей алышат.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх