Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны азайды

Август айында катталган учурлардын эң көп саны Бишкек менен Чүй облусуна туура келди

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирустук инфекциялардын саны июнь айындагы 22,6 миң учурдан август айында 12,1 миң учурга чейин кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, август айында катталган коронавирустун эң көп үлүшү Бишкекке (51%) жана Чүй облусуна (17%дан ашык) туура келген.

Август айында калктын 100 миңине туура келген учурлардын саны июлга салыштырмалуу 3,1 эсе, июнга салыштырмалуу 1,9 эсеге азайган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх