Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

С.Чуйков атындагы музей үйүндө Владимир Кузнецовдун чыгармаларынын көргөзмөсү болот

Бишкектиктер акварель менен жасалган эмгектердин көргөзмөсүн күтүүдө

С.Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейде 27-октябрда саат 15.00дө Владимир Михайлович Кузнецовдун "Чыгармачылык жашоонун баракчасы" акварель көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Көргөзмөгө келгендер сүрөтчүнүн 2012-2021 -жылдар аралыгында жараткан 20 эмгегине суктана алышат.

Кузнецов пейзаждарды, натюрмортторду, акварель менен портреттерди тартат жана Арт- студияда сүрөт тартууну  үйрөтөт. Анын чыгармалары Германия, Франция, Австрия, Түркия, Польша, АКШдагы жеке коллекцияларда.

Маалымдама: Владимир Кузнецов 1949 -жылы Казакстанда туулган. 1976 -жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын жасалгалоочу адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин ал көркөм фондго иштөөгө жөнөтүлүп, ал жерде дизайнерлик иштер менен алектенет. В.Круглов жана А.Михалев менен бир группада «Кыргызстан» мейманканасынын долбоорун жасаган.

Алгачкы өз алдынча иши Транспорт жана жолдор министрлигинде болуп, фойенин, холлдун жана актовый залдын дизайнын түзгөн. Андан кийин ал Финляндия колледжинин, Суу чарба министрлигинин, Таш-Көмүр шаарындагы борбордук универмагдын, Чу шаарындагы (Казакстан) Wind Rose автобекетиндеги стеланын долбоорлорун иштеп чыккан. Жеңиш монументи – Түбөлүк отко гүлчамбар, Манас музейинде этно-улуттук стилде 36 чырак жасаган. 1979 - 1980-жылдар машина куруу техникумунда композициянын жана чийуунун негиздери боюнча мугалим болгон.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Дарек боюнча кызыктуу көркөм көргөзмөгө келиңиз: көч. Чуйков No 87, сурап билуу учун телефон: 30-33-64.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх