Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Автобус менен жол кырсыгы. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка жүргүнчү ташыган унаа күнөөлүү

Мэрия автобустун айдоочусунун 24 жылдык тажрыйбасы бар экенин кошумчалады

Бишкек мэриясы автобустун катышуусундагы кырсыкка жүргүнчү ташыган жеңил унаа күнөөлүү деп болжолдоодо.

- Автобусту 1966-жылы туулган Ф.Ф.Шакиров айдап жүргөн.  24 жылдык айдоочулук тажрыйбасы бар, - деп билдирди борбордун муниципалитетинин басма сөз кызматы. - Белгилей кетсек, 2009-жылдан бери муниципалдык ишканада иштеген айдоочу бир да жолу жол кырсыгына катышкан эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча жана окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсыкка Хонда Фит үлгүсүндөгү жеңил унаа күнөөлүү.

Эскерте кетсек, бүгүн Чыңгыз Айтматов проспектисинде №8 каттамдын автобусу бакты сүзгөн. Он чакты адам жарадар болгон, алардын арасында балдар да бар.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх