Кыргызстанда 30-октябрга карата 81 адамдан СOVID-19 аныкталды
Илдет эки адамдын өмүрүн алды
Кыргызстанда 30-октябрга карата COVID-19 пневмониянын 81 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Бишкекте - 27, Ош - 1, Чүй облусу- 29, Ош облусу - 2, Талас- 4, Нарын- 0, Ысык-Көл- 13, Жалал-Абад - 3, Баткенде - 2 адамдан илдет аныкталдан.
Бир сутка ичинде 75 кыргызстандык айыгып чыкты.
Стационардык дарыланууда 719 бейтап, амбулатордук дарылоодо 711 бейтап бар.
Илдет эки адамдын өмүрүн алды.
Жалпы мезгил ичинде – 181 186 инфекция жугуу учуру катталган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз