Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыл аянтта уяттуу сүрөткө түшкөн тажикстандык блогер 10 айга эркинен ажыратылды

Москва соту 23 жаштагы блогер менен анын сүйлөшкөн кызын 10 айга түрмөгө камалды

Москванын соту Кызыл аянттагы провокациялык сүрөткө түшкөн тажикстандык 23 жаштагы блогер Руслан Бобиевди (чыныгы аты Талабжон Муроджонзода) жана анын 19 жаштагы сүйлөшкөн кызы Анастасия Чистованы (Асия Акимова деген ысым менен белгилүү) 10 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Business FM каналына шилтеме менен жазып чыкты.

Сот аларды жарандардын диний сезимдерин мазактоо боюнча күнөөлүү тапкан. Бул берене боюнча 300 миң рублга чейин айып пулдан бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейинки жаза каралган. Бул иш мындай берене боюнча каралгандардын алгачкыларынын бири болуп калды. Айыпталуучулар сот залында камакка алынды.

Соттук териштирүүдө жаштар күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп, мындан ары мындай кылбайбыз деп убада беришкен. Коргоо тарап соттон гуманизмди суранып, аларга эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза кабыл алууну, мисалы, айып пул салууну өтүнгөн Бирок сот эң катаал жазаны белгилеген.

Орусиянын Тажиктер биримдигинде Руслан Бобиевге чыгарылган өкүм өтө эле жумшак деп бааланды. Бул тууралуу Gazeta.Ru сайтына уюмдун жетекчиси Абдулло Давлатов билдирди.

"Бул адам биздин жана биздин улуттун абийирине шек келтирүүдө", - деди Давлатов.

Эске салсак, 29-сентябрда блогер өзүнүн Instagram жана TikTok баракчаларына Москванын борборунда тартылган сүрөтүн жарыялаган. Сүрөттө  эркек киши  полиция формасын кийген кыз менен интимдик катнашка баргандай түр калтырган. 

© Руслав Бобиев/Vk.com

Сүрөт дароо социалдык тармактарга желдей тарап, чоң резонанс жараткан. Сүрөт чыгарылгандан кийин бир нече саатка жетпей Бобиев менен анын кыз укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.

Камиля Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх