31-октябрь: Кыргызстанда 73 адам СOVID-19 жуктуруп алды
Үч адам көз жумду
Кыргызстанда 31-октябрга карата COVID-19 жана пневмониянын 73 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Бишкекте - 33, Ошто - 0, Чүй облусунда - 15, Ошто - 3, Таласта - 0, Нарында - 0, Ысык-Көлдө - 16, Жалал-Абадда - 3, Баткенде - 3.
Бир суткада 78 кыргызстандык илдеттен айыгып чыкты.
Стационардык дарыланууда 723, амбулатордук дарылоодо 696 бейтап бар.
Илдеттен үч адам көз жумду.
Бардык мезгил ичинде – 181 259 адам ооруну жуктуруп алган.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз