Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда кармалган кыргызстандыкты милиция мыкаачылык менен сабаган (видео)

КРнын РФдагы Элчилиги окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө

Орусияда полиция кызматкерлери мигрантты кармоо учурунда күч колдонушкан. Видеону социалдык тармактагы баракчасына Alligator Fight Championship турниринин негиздөөчүсү жарыялаган.

Ал адам Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен ички иштер министрине кайрылган.

Видеодо кыргыз жараны милицияга баш ийбей, андан кийин муштум менен бетке сокку алганы көрсөтүлгөн.

Андан соң милиция кызматкерлери келген адамдын колуна кишен салып, кызматтык унааны көздөй күч менен жер менен сүйрөп кетишкен.

Белгилей кетсек, видеодо асфальтта кан аккан кадр бар.

Ал арада Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.




Канышай Балкыбекова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх