Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кар жаады. Шаардык кызматтар эртең менен 354 тонна техникалык туз коротушту (фото)

Муниципалдык кызматкерлер түн жарымынан баштап иштей башташты. 37 даана атайын техника пайдаланылган

Кар жаашы менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтары күчтөрдү жана каражаттарды мобилизациялоого даярдана башташты жана саат 01:30дан баштап борбор калаанын көчөлөрүнө чыгып, абалды көзөмөлдөп, жол тейлөө техникаларын чыгарышты.
Саат 02:00дөн тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, Жол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери 37 даана атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 28 кар тазалоочу автоунаа, УКМ үлгүсүндөгү 4 универсал автоунаа жана 5 «Беларусь» кичи тракторун тартуу менен жолдорго техникалык туз чачууну баштады.

Эртең менен 354 тонна техникалык туз сарпталган.

Учурда «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары кар менен күрөшүүдө колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатышат. Шаарда штаттык режимде 657 тазалоочу иштөөдө. Көчөлөрдө жана кесилиштерде унаалардын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүүсүн камсыздоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Райондук администрациялардын жетекчилери жана кызматкерлери ошондой эле  Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери борбордун ар кайсы аймактарындагы иш жүзүндөгү кырдаалга көз салуу үчүн өз аймактарын кыдырышууда.

Калган аймактарда карды, музду тазалоо, жолдорго  жана тротуарларга туз чачуу үчүн борбордун мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кайрылсаңыздар болот.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх