Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык спортчу пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк рекорд койду

Кубок үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн 1500дөн ашык спортчу күч сынашты

«Газпром балдар үчүн» спорттук-эс алуу борборунда пауэрлифтинг боюнча Бишкектин ачык кубогу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кубок үчүн Кыргызстан, Алжир, Индия, Иордания, Монголия, Беларусь, Түркия, Украина, Иран, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан 1500дөн ашык спортчу күч сынашты.

Маалым болгондой, мелдешти борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева менен дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токоноев ачты.

Спортчулар дуйнелук жаны рекорддорду белгилешти. Кыргызстандык спортчу Любовь Малеева штанганы жатып көтөрүүдө 132,5 килограммды көтөрдү. Биздин өлкөдө мындай штанганы эч ким көтөрө элек.

Жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.

Уюштуруучулар Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы WPC AWPC пауэрлифтинг федерациясы менен биргеликте болду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх