Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон сатуу үчүн кошумча база ачылды

Борбор калаада 7 отун базасы жана 20 стационардык пункт бар

Бишкек шаарында калкка көмүр сатуучу 7 отун базасы жана 20 стационардык пункт бар.

Казак көмүрүнүн баасы жүктөөнү кошкондо тоннасына 4500 сомду түзөт.

Жергиликтүү “Кара-Кече” көмүрүнүн баасы тоннасына 3000 сомдон 5700 сомго чейин.

Шаардагы жергиликтүү көмүрдүн баасын жөнгө салуу үчүн 16-ноябрдан тарта Мурманская көчөсүндөгү 1б базага жергиликтүү «Кара-Кече» көмүрү тоннасын 3000 сомдон жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн Мурманская көчөсү, 306б дарегинде Коргоо министрлигинин кошумча базасы ачылып, анда да көмүр тоннасы 3000 сомдон сатылууда.

Ленин районундагы отун базаларынын даректери:

1. «Ак-Жол» ЖЧКсы - Мурманская көчөсү, 1а (көмүр «Шабыркул» - тоннасы 4500 сом);

2. «Торг-Синтез» ЖЧКсы – Мурманская көчөсү, 59а («Кара-Жыра» көмүрү – 4500 сом);

3. «Береке» ЖЧКсы - Мурманская көчөсү, 259 (көмүр «Кара-Кече» - 4500-5700 сом);

4. ООО "Беш-Сары" - көч. Мурманская, 1б («Кара-Кече» көмүрү – 3000 сом);

5. Коргоо министрлигинин көмүр базасы – Мурманская көчөсү, 306б («Кара-Кече» көмүрү – 3000 сом).

Октябрь району:

«Торг-Синтез» ЖЧКсы - Төкөлдөш вокзалы, Аламүдүн станциясы (Кара-Жыра көмүрү – 4500 сом).

Свердлов району:

ИК "Гефест", Достоев көчөсү, 1 (көмүр "Шабыркул" - 4500 сом).

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх