Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жайыл районунда кызды ата-энеси мектепке алып келип, кыз андан кийин дайынсыз жоголду (фото)

Жашы жете элек бала сабакка келбегени белгилүү болду. Кыз изделүүдө

Жайыл районунун ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон жашы жете элек 2006-жылы туулган Алиева Зумрад Тахировнаны издеп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында саат 07:35 чамасында ата-энеси кызды мектепке алып барышкан, бирок ал бир да  сабакка кирбей, изин жашырып кеткен.

Белгилери: бою болжол менен 165-170 см, көздөрү күрөң, чачы кара, кыска, орто дене түзүлүштө, мурундун оң тарабында
пирсинг, оң кулакта үч тешик бар.

Өзгөчө белгилери: оң колдун сөөмөйүндө тырыгы бар.

Кийген кийимдери: капюшону бар ак толстовка, кара шым, тизеден ылдый узун күрмө кочкул көк түстөгү, кара түстөгү шляпа, кара туфли, кара түстөгү сумка.

Дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалыматы барларды Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмү 0 (312) 22-15-58, 0 (701) 02-23-59 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранабыз.

Чүй РИИБнин маалымат кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх