Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында 23 жаңы жол чырак (даректер) орнотулду

Тизме шаардыктардын суроо-талаптары, облустук акимчиликтердин сунуштары жана жол кайгуул кызматын эске алуу менен түзүлдү

Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана 5 жөө адамдар үчүн жаңы  светофор объектилери орнотулду.

Ал эми бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана 3 жөө адамдар үчүн светофор объектиси тесттик режимде иштеп жатат. Дагы 3 транспорттук жана 2 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор ишке киргизилүүдө.

Быйылкы жылдын титулдук тизмеси боюнча 20 объектинин долбоордук-сметалык документтерин даярдоо пландалууда. Бирок, алар келерки жылы курулат.

Тизме шаардыктардын кайрылууларынын, райондук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде жана борбор калаанын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн корутундусун эске алуу менен түзүлдү.

Шаардын көчөлөрүндө транспорт үчүн 33 светофор жана 10 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор пайда болот, алар негизинен мектептердин, бала бакчалардын жанында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында жаңы светофорлор  жол кыймылын жөнөкөйлөтүү, ошондой эле коопсуздукту жакшыртуу, биринчи кезекте жолдогу абалды жакшыртуу жана кырсыктардын санын азайтуу максатында орнотулат.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолоруңуз болсо, шаардык транспорт башкармалыгынын колл-борборуна: 0 (312) 53-36-48 номери аркылуу байланышсаңыз болот, ал эми сүрөт жана видеолорду, WhatsApp: 0 (502) 205-202  номерине  жөнөтүңүз.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх