Ош облусунда жер титирөө катталды
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок
Өткөн түнү Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык, Ноокат районунун Алмалык, Жатан, Үчбай айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Белгиленгендей, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз