Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

14 жаштагы кызын зордуктаган адам эки айга камакка алынды

Тиешелүү чечимди Ош шаардык соту чыгарды

 14 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалган 39 жаштагы Ош шаарынын тургуну эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Тиешелүү чечимди Ош шаардык соту чыгарды.

Эскерте кетсек, буга чейин Ошто өз кызын эки жыл зордуктап жүргөн адам белгилүү болгон. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери кыздын акыркы күндөрү психологиялык жактан катуу жабыркап жатканын байкап, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Бир нече жолу аракет кылгандан кийин өспүрүм атасы аны бир эмес, бир нече жолу зордуктаганын айткан. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, атасы аны 2019-жылдан бери зордуктап жүргөн. Биринчи зордуктоо учурунда апасы Орусияда болгон. Бирок кайтып келгенден кийин атасы кызын зордуктай берген. 28-ноябрга караган түнү атасынын кордугуна экинчи кызы күбө болгон. Кыздар ата-энесинин ажырашып кетишинен коркуп, бул тууралуу милицияга билдиришкен эмес.
Ал киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх