Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте поезд пакистандык жаранды өлтүрө сүздү

Темир жолдо каза болгон Рамзан Мухаммад МУКтун Эл аралык медициналык окуу жайында окуган

Бишкекте 11-декабрда Лев Толстой көчөсүндөгү темир жолдун жанында пакистандык жаранды тепловоз сүзүп каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Соттук-медициналык экспертизанын жана алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө маркум – Рамзан Мухаммад Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык медициналык факультетинин 2-курсунун студенти экени аныкталган.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБде катталган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх